Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Түркмөнстанда мамлекеттик мекемелер кызматкерлерин сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүүнү талап кылышууда. Баш тарткандар жумуштан бошотулары эскертилди. Медицина кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, сасык тумоого каршы эмдөө алууга үгүттөп жүрүшөт.
“Centralasian” кызматы билдиргендей, сасык тумоого каршы эмдөө бекер.
Түркмөнстанда октябрда да эл сасык тумоого каршы жапырт эмдөөдөн өткөн. Андан баш тарткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылары эскертилген.
Бул арада өлкөдө коронавирустун белгилери бар оору жайылып, өлүм көп катталып жатканы айтылууда.
Түркмөнстан бийлиги болсо өлкөдө коронавирус бар экенин мойнуна ала элек.
Пикир
Оставить комментарий