Жалал-Абадда бажы мыйзамын бузуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/ Жалал-Абад шаарында бажы мыйзамын бузуу фактысы аныкталды.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, «С.С.» ЖЧКнын дарегине Кытайдан убактылуу сактоо бажы жол-жобосу менен чыгарылган майдалагыч, мунара краны, темир түтүктөр жана гидропонизатор товарлары келген.

Товарлар жайгашкан жерге барып, текшерүү жүргүзүүдө бажылык тариздөөсүз, цемент заводунун курулушун пайдалануу менен товарларды сактоо шарттары бузулгандыгы аныкталган. Төлөнө турган бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1 млн 139 миң 192 сомду түздү.

Факт КБР МКЖ АДСте катталып, чогултулган материалдар Жалал-Абад облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий