• 87
  • 90.63
  • 0.79

Түштүк Кореянын парламенти аскердик абалды алып салууга добуш берди

Дүйнө 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Түштүк Кореянын парламенти өлкөдө аскердик абалды алып салууга "макул" деп добуш берип, аны президентке кабарлады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Парламенттин төрагасы У Вон Сик чукул жыйынга чогулган 190 депутаттын баары тең "макул" деп добуш бергенин билдирген.

Мындан улам төраганын кеңсеси президент Юн Сок Ёль киргизген аскердик абал депутаттардын добушунан кийин күчүн жоготконун кабарлап, У Вон Сик президентти аскердик абалды тез арада алып салууга чакырган.

Аны менен катар Корея Республикасынын президенттик администрациясынын кызматкерлери өлкөдө алты саатка жетпеген убакытка созулган аскердик абалдын киргизилишине байланыштуу кызматтан кетүү ниетин массалык түрдө жарыялашканы айтылды.

Президент тарабынан киргизилген аскердик абалды алып салуу боюнча депутаттардын чечиминен кийин Түштүк Кореянын парламентинин жанындагы аянтта миңдеген демонстранттар чогулган.

Партиялык жана профсоюздук желектерди көтөргөн активисттер мамлекет башчысын кызматтан кетүүгө чакырган ураандар менен кыйкырып жатканы маалымдалган.

Эске салсак, Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал киргизилгенин билдирип, аны парламентте көпчүлүктү түзгөн оппозиция өз өкүлдөрүнө, анын ичинде өкмөттөгү негизги фигураларга импичмент жарыялоо аракети менен аткаруу бийлигинин ишин шал болуп жатканы менен негиздеген.

Пикир

Оставить комментарий