• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Түштүк магистралда 5 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды (видео)

Кырсык 0


Бишкек, 26.05.18. /Кабар/. Кечээ, 25-майда Бишкектеги Аалы Токомбаев (Түштүк магистраль) жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде 5 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине окуянын күбөлөрү маалымдашты.

Күбөнүн айтымында, Аалы Токомбаев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган жол чыракта дээрлик 5 унаанын катышуусунда жол кырсыгы болгон. Анын айтуусу боюнча, алгач “Лексус” автоунаасын “Мерседес” үлгүсүндөгү унаа артынан келип сүзгөн, андан соң, артта келе жаткан унаалар келип биринин артынан бири кагылышкан. Кырсыктан жабыркаган унаалардын саны жалпысынан бешөө болгон.

Күбө кошумчалагандай, жерине дароо тиешелүү кызматтын кызматкерлери келишкен, жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий