Түштүктөгү айрым конуштар айыл категориясына киргизилди

Президент 0

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 25-майында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамда төмөндөгү калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү каралган:

- Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Максат калктуу конушун;

- Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районундагы Ак-Суу айыл аймагынын Жезкен калктуу конушун;

- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын Коткор калктуу конушун;

- Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагынын Ак-Өргөө калктуу конушун;

-. Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Найман айыл аймагынын Улуу-Тоо калктуу конушун.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий