Бишкек, 16.07.18. /Кабар/. Социалдык түйүндөрдө Бишкекте жеңил унаа күйүп кеткендиги тууралуу маалымат тараган.
Видеодо күбө билдиргендей, кырсык Көк-Жар кичи районундагы “Алмата” көчөсүндө болгон.
ӨКМден кабарлашкандай, Курманжан Датка көчөсүндө унаадан өрт чыккан, тилсиз жоо тууралуу билдирүү 13:41де түшүп, саат 14:09да өрт чектөөгө алынган. Өрттү өчүрүү үчүн бир бөлүм тартылган, кырсыктан жабыркагандар жок.
Пикир
Оставить комментарий