• 87
  • 90.41
  • 0.84

Таалай Эсеналиев: Көчмөн жана отурукташкан элдердин оюндары - адамдардын руханий өнүгүүсү үчүн маанилүү

Спорт 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөн жана отурукташкан элдердин оюндарын өнүктүрүү идеясы адамзатты руханий жана адеп-ахлактык жактан кайра жаралышын кепилдөөчү тарыхый зарылчылык болуп саналат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Дүйнөнүн көчмөн жана отурукташкан элдеринин” оюндары долбоорунун башкы автору, философия илимдеринин доктору Таалай Эсеналиев билдирди.

Анын айтмында, Борбордук жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кирген “Дүйнөнүн көчмөн жана отурукташкан элдеринин” оюндарынын Эл аралык номад (көчмөн) комитети түзүлүп, “Манас” эл аралык кубогун негиздөө аракети көрүлүүдө.

“36 жылдан бери көчмөндөр, отурукташкан элдердин маданияты тууралуу көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүп, 38 өлкөнүн оюндары боюнча илимий макалалар жана монографияларды жаздым. Бул оюндар аркылуу Азия өлкөлөрүнүн ортосунда достук, маданий байланышуу, туризм өнүгүп, ал адамдарга руханий азык жана өнүгүү бермекчи. Улуттук оюндар жаштардын улуттук аң-сезимин, мекенчилдигин, дүйнө таанымын байытат”,- дейт Таалай Эсеналиев.

Маалым болгондой, Вьетнам жана Лаос бул “Дүйнөнүн көчмөн жана отурукташкан элдеринин” оюндарынын Эл аралык номад комитетин түзүүгө кызыкдар жана комиссияга, комитеттин жумушчу тобуна штаб-квартира бөлүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий