Таалайбек Бейшебаев “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын директорунун орун басары болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Таалайбек Бейшебаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды.

Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришкендей, жетекчиинин орун басарын ишкананын жамаатына министрдин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев тааныштырды.

Таалайбек Бейшебаев буга чейин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл филиалынын директору болуп эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий