Таалайбек Ибраев Нарын облусунун кышка даярдык иштерин текшерди

Коом 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарынга иш сапары менен барып, курулуп жаткан Куланак ГЭСинде, Нарын электр тармактар ишканасында жана Ат-Башы ГЭСинде болуп, тийиштүү жетекчилерге алдыдагы күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүүнү тапшырды.

Энергетика министрлигинен билдиришкнедей, мш сапардын жүрүшүндө министр алгач жетекчи К.Мурзабаев менен биргеликте курулуп жаткан Куланак ГЭСтин ишмердүүлүгү менен таанышып, тиешелүү адистерге курулуш иштерин тездетүүнү жана өз убагында бүткөрүүнү тапшырды. Мурзабаев Куланак ГЭСтин каржылоо маселеси чечилгенине токтолуп, учурда ГЭСти куруу иштери кызуу жүрүп жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, Куланак ГЭСинин кубаттуулугу 100 МВт. Аны жеке ишкер Мурзабаев К.С. өз каражатынын эсебинен курууда. Ал план боюнча 2026-жылы ишке кирет.

Ошондой эле Таалайбек Ибраев жумушчу сапарынын алкагында Нарын электр тармактар ишканасынын жетекчилери менен жолукту. Жолугушууда министр алдыда келе жаткан кыш мезгилине даярдыктар менен таанышып, жасалып жаткан оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу жүргүзүүнү жана өз убагында бүткөрүлүшүн көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошондой эле жаңы орнотулуп жаткан трансформаторлордун орнотуу иштерине күбө болду.

Андан тышкары, министр Ибраев Ат-Башы ГЭСнин күз-кыш мезгилине даярдык иштери менен таанышты. Күз-кыш мезгилине даярдыктар көрүлгөн гидроагрегаттардын Г-3, Г-4, электр жабдууларынын иштешин текшерип, өндүрүштүк имараттардын жылуулук системасынын даярдыгын жана жыл ичиндеги аткарылган ремонттук иштер менен таанышты. Ошондой эле министр кыш мезгилине 4 агрегаттын даяр экенине күбө болду.

Ат-Башы ГЭСтин жетекчилиги күз-кыш мезгилине катарата төмөнкү ремонттук иштер аткарылды тууралуу маалымат берди:

⁃ Жылдык пландын негизинде 2 - шиналар системасы ,ачык бөлүштүрүүчү түзмөк - 110кВ жана Т-2 кубаттоочу трансформатор, В-110-Т-2 өчүргүчү, гидроагрегат 3 кышка даярдык үчүн ондоого чыгарылып,толугу менен ишке киргизилди.

⁃ Кылынган жумуштардын алкагында 2-шиналар системасы 110кВ ажыраткычтарды тазалоо,майлоо жана толугу менен сыноодон өткөрүлдү. Ошондой эле 110кВ ажыраткыч тиймектери тазаланып сыноодон өткөрүлүп, порталды жаңылоо иштери аткарылды.

⁃ Трансформатор текшерилип, толугу менен сыноодон өткөрүлдү. Андан тышкары, тиймектер текшерилип кайрадан контактылар тартылып чыгарылды.

Ат-Башы ГЭСнин жылдык ондоо графиги боюнча куз-кыш мезгилине даярдыктар толугу менен аткарылды.

Министр тийиштүү жетекчилерге Электр станциялар ААКнын объектилери күз-кыш мезгилине өз убагында даяр болуш керек экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий