Таалайбек Сарыбашов автобус чыгарган түрк компаниясынын жетекчилиги менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов автобус чыгарган "ВМС" түрк компаниясынын директору Мурат Ялчин жана компаниянын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Келген коноктор Түркияда өндүрүлгөн автобустар тууралуу айтып беришти.

Маалымдама: Компания 1964-жылы Измир шаарында негизделген жана автобустарды гана эмес, аскердик техникаларды чыгаруу менен алектенет. Компаниянын арсеналында көптөгөн автобустар: шаарлар аралык автобустар, чоң, орто жана кичи класс бар.

Пикир

Оставить комментарий