• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Табигый монополиялар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 18-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын макулдашылган вариантына кол койду. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам карама каршылыктарды жоюп, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” 2011-жылдын 8-августундагы №149 мыйзамынын ченемдерин “Администрациялык ишмердиктин жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө” 2015-жылдын 31-июлундагы №210 мыйзамга шайкеш келтирилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымдама: Өкмөт тарабынан демилгеленген (2016-жылдын 1-июнундагы №291 токтом) жана Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 1-февралында кабыл алынган Мыйзамдын биринчи варианты Президент тарабынан “макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн” деген каршы пикири менен 2017-жылдын 13-мартында парламентке кайра кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий