Табып Зайналиев Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга киргизилди

Коом 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь районунун соту табып Хашим Зайналиевди №1 тергөө абагына 2 айга тергөө аяктаганча киргизүү чечимин чыгарган. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, табыпка “Мыйзамсыз дарыгерлик” жана “Алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Эскерте кетсек, Салматтык сактоо министрлиги тарабынан коргоо органдарына “Көк-Жар” жаңы конушунда лицензиясы жок жеке клиника ачып, онкология дарты менен жабыркагандарды дарылап жаткан табыпка чара көрүү кайрылуусу жиберилген.

Буга чейин Улуттук онкология борборунун жетекчисинин орун басары Гүлнара Аманкулова “Кабар” агенттигине 28-ноябрь күнү комадагы 5 жашар кыз келип түшкөндүгүн билдирген. Ал кызды 2 жума “Көк-Жар” конушунда Хашим Зайналиев аттуу табып дарылагандыгын кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий