• 87
  • 90.63
  • 0.79

Таяк тартыш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курамасы 34 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 02.12.24. /Кабар/. 30-ноябрдан 1-декабрга чейин Бишкектеги “Газпром балдарга” спорт комплексинде таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча дүйнө чемпионаты өттү.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спорттук иш-чарага 22 өлкөдөн келген 200дөн ашык спортчу катышты.

Мелдештер чоңдор, жаштар жана ардагерлер арасында өтүп, атамекендик спортчулар жалпы 7 алтын, 10 күмүш жана 17 коло медаль жеңди.

Биринчи күндүн жыйынтыгы:

Чоңдор арасында (эркектер):

1-орун - Азиз Асанов (60 кг);
1-орун - Абдел Эсенгулов (+125 кг);
2-орун - Русланбек Чыныбек уулу (90 кг);
2-орун - Келдибек Атайбек уулу (105 кг);
2-орун - Улукбек Ырысбаев (125 кг).

Чоңдор арасында (кыз-келиндер):

1-орун - Назия Майлибашева (75 кг);
3-орун - Дильдора Рахманова (85+ кг).

Жаштар арасында (эркектер):

1-орун - Рамиль Карыбаев (50 кг);
2-орун - Жанарбек Турдушев (70 кг);
2-орун - Байсал Асанов (80+ кг);
3-орун - Илгиз Абалбеков (50 кг);
3-орун - Ратбек Басылбеков (80+ кг).

Жаштар арасында (кыздар):

1-орун - Рамина Көчкөнбаева (70+ кг);
3-орун - Айнура Урумова (50 кг);
3-орун - Фатима Абыкеева (50 кг);
3-орун - Санирабига Жусупова (70+ кг).

Ардагерлер арасында (кыз-келиндер):

2-орун - Эхтибархан Сулейманова (65+ кг);
3-орун - Марина Бейшеналиева (65+ кг).

Экинчи күндүн жыйынтыгы:

Чоңдор арасында (эркектер):

3-орун - Бекжан Өмүралиев (70 кг);
3-орун - Элдос Айтбаев (75 кг).

Чоңдор арасында (кыз-келиндер):

2-орун - Элза Абдыкадырова (55 кг);
1-орун - Адел Маданбекова (65 кг).

Жаштар арасында (эркектер):

2-орун - Байбек Шайыков (80 кг);
3-орун - Алмаз Асанкулов (60 кг).

Жаштар арасында (кыздар):

1-орун - Айганыш Каналбекова (60 кг);
3-орун - Жасмин Кудабаева (60 кг);
3-орун - Асема Абдырайымова (70 кг);
3-орун - Азема Сооронбекова (70 кг).

Ардагерлер арасында (кыз-келиндер):

3-орун - Элмира Мидинова (65 кг).

Абсолюттук салмак (эркектер):

3-орун - Абдел Эсенгулов.

Абсолюттук салмак (кыз-келиндер):

2-орун - Адел Маданбекова;
3-орун - Элдана Болотбекова.

Пикир

Оставить комментарий