• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кытай компаниясы Ошто энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүүнү пландоодо

Аймак 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев менен Кытайлык Xinjiang Energy (Group) Co., Ltd компаниясынын директору ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, макулдашуунун максаты – Ош облусунун аймагындагы көмүр кендерин иштетүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүү боюнча стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүү. Бул кадам заманбап энергетикалык чечимдерди ишке ашырууга, аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого жана энергия менен камсыздоону жакшыртууга багытталган.

Салтанаттын жүрүшүндө президенттин өкүлү меморандумга кол коюу облустун энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ачарын, ошондой эле эл аралык инвестицияларды жана инновациялык технологияларды тартууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Ал эми Xinjiang Energy (Group) Co., Ltd компаниясынын өкүлдөрү кызматташуунун жогорку потенциалын белгилешип, аймакты туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга салым кошууга даяр экендиктерин ырасташты.

Кол коюу аземинин соңунда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы энергетика тармагындагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөөдөгү маанилүү кадам болгону баса белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий