Талайбек Байгазиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Талайбек Байгазиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Байгазиев буга чейин энергетика министринин орун басары болгон. Ал мэрияга Бишкек Жылуулук электр борбору менен "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы муниципалитеттин балансына өткөндүгүнө байланыштуу которулган.

Талайбек Байгазиев вице-мэрлик кызмат менен бирге мэриянын алдында жаңыдан түзүлгөн Отун-энергетикалык комплекс департаментин жетектейт.

Пикир

Оставить комментарий