Талант Мамытов Федералдык кеңештин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Россиядагы расмий иш сапарынын алкагында Федералдык жыйындын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту.

КР ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-россия кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды.

Алгач Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко парламенттик делегация мүчөлөрүн депутаттык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, Жогорку Кеңешке ийгиликтерди каалады.

"Кыргызстандын VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин делегациясынын биринчи расмий иш сапары Россия Федерациясынан башталганына кубанычтамын. Бүгүнкү жолугушуу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого кошумча түрткү берет деп ишенем. Ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго эки тараптуу мамилелерди жигердүү өнүктүрүү ниети жана бул жааттагы бекем позициясы үчүн ыраазычылык билдиребиз", - деди Валентина Матвиенко. Ошондой эле кыргыз тарапты Кыргызстандын туруктуу жана ийгиликтүү өнүгүүсүнө негиз боло турган конституциялык реформанын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов эки өлкөнүн ортосунда жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзгөн чоң мүмкүнчүлүктөр экенин канааттануу менен белгилеп: "Кыргызстан Россиянын өз ара ишенимге жана узак мөөнөттүү достук мамилеге негизделген өнөктөшү болуп келген, мындан ары да алакаларыбыз арта берет", - деди.

Ошондой эле, парламенттер аралык мамилелер жогорку деңгээлде экенин айткан Талант Мамытов кыргыз тарап кызматташтыктын жетишилген динамикасын сактоого жана өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин кошумчалады. "2021-жылы эки өлкөдө тең шайлоо өнөктүгү ийгиликтүү аяктап, Жогорку Кеңештин жана Мамлекеттик Думанын жаңы курамы түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Кыргызстанда өтөөрү мерчемделген Кыргыз-Россия парламенттер аралык комиссиясынын Х отурумун ушул жылы уюштурууну сунуштайм", - деди төрага.

Валентина Матвиенко Талант Мамытовдун парламенттер аралык алакаларды арттыруу багытындагы пикирине макул болуп, кызматташтыктын келечектүү маселелерин күн тартибине камтуу менен быйылкы жылы Кыргыз-Россия парламенттер аралык комиссиясынын Х отурумун өткөрүүнүн актуалдуулугун белгиледи. Муну менен катар Федерация кеңешинде Россиянын ар кандай субъектилеринин өкүлдөрү бар экенин айткан Төрайым, аймактар ​​аралык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүнү сунуштады жана бул маселени парламенттер аралык комиссиянын жыйынынын күн тартибине киргизүү керектигин кошумчалады.

Маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине да токтолгон Федерация кеңешинин төрайымы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясында орус тили расмий тил макамын сактап калганы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар орус тилинин муктаждыктарын эске алуу менен ишке ашырылып, расмий тил катары азыркыга чейин эл аралык баарлашуу тили катары кызматын улантып жатканын белгиледи.

Андан тышкары, жолугушууда миграция тармагындагы кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Төрага Талант Мамытов Россиядагы кыргызстандыктардын укуктук абалын жакшыртуу маселесине токтолуп, Валентина Матвиенкодон Кыргызстандын жарандарынын айрым категорияларын "кара тизмеден" чыгаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.

Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко кыргыз тараптын миграция жаатындагы тынчсыздануусун эске алып, бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен иштерди улантууну сунуштады.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда тараптар конструктивдүү диалог үчүн бири-бирине ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Россиянын мындан аркы жемиштүү кызматташуусуна, айрыкча парламенттер аралык алака сапаттык жактан жакшыраарына ишенээрин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий