Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Улукбек Кочкоров.
Жылдык үстөгү 2 пайыз, баштапкы төлөмү жок 30 жылдык мөөнөткө үй берүү;
Жыл сайын пенсияны 1200 сомго, жөлөкпулду, стипендияны 1000 сомго;
Мугалим, дарыгердин жана башка бардык бюджеттен айлык алган кызматкерлердин маянасын жыл сайын 3000 сомго көтөрүү;
Атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, сырткы миграцияда жүргөн мекендештерди жумуш менен камсыз кылып оз мекенибизге кайтаруу.
Бул куру сөз эмес. Муну кантип ишке ашырабыз, төмөндө чечмелеп берем.
Экономикабыздагы проблемалардын себеби бул – туура эмес финансы системасы.
Бизде бир ууч адамдардын кызыкчылыгы үчүн жалпы элди жакырчылыкка алып келүүчү финансы системасы түзүлүп, бардык мыйзамдар ошого ылайыкталган. Маселен Улуттук банк сомдун курсун кармоо менен гана чектелет. Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалына, экономиканын өсүүсүнө салымын кошпойт. Биз экономика эмне үчүн өспөй жатканын терең изилдеп, анын башкы себеби финансы системасында деген тыянакка келдик. Ошол себептен финансы системасын өзгөртүүнү көздөп жатабыз.
Биздин экономика жылдан-жылга товар өндүрбөй турган экономикага айланып баратат. 2019-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын ички дүң продукциясында айыл чарбасы 12 пайыз, Өнөр жайы, Кумторду эске албаганда 12 пайызды тузду. Эгемендик жылдары бул секторлордун корсоткучу эселеп азайды. Тескерисинче кызмат көрсөтүү, тейлөө тармагы 31%дан 51%га чыкты. Башкача айтканда биз тойкана, мейманкана, ашканалардын, соода борборлорунун өлкөсүнө айландык.
Алсыз экономиканын айынан миграция күч алып, толгон-токой социалдык проблемалар чыкты. Улуттук статистикалык комитеттин 2019-жылкы маалыматы боюнча Кыргызстандын калкынын 80% бир айлык кирешеси жашоо минимумуна жетпейт. Эл аралык стандарттарга ылайык булар жакыр адамдардын катарына кирет.
Жыл сайын калкыбыз 400-450 миллиард сомго барабар акча каражат күнүмдүк керектөлүүчү товарларды сатып алууга жумшайт. Бирок анын 80% импорттук товарларды сатып алууга кетет. Расмий мааламаттарга ылайык 5 миллиард долларга жакын суммага чет өлкөдөн товар алып келинет. Демек биз ушундай чоң суммага чет элдик өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүп, башка мамлекеттердин экономикасына салым кошуп жатабыз.
Бул жагдайды оңдоо үчүн эмне кылуу керек?
Бардык саясатчылар биз келгенде экономиканы көтөрүп, анан айлык, пенсия, пособияны көбөйтөбүз деп убадалайт. Мен тескерсинче айлык-пенсияны көтөрүү менен өзүбүздүн экономиканы жандандырабыз деп айтам. Мисал үчүн, жылына пенсияга 1200, пособие-стипендияга 1000, бюджеттик кызматкерлерге айлыкка 3000 сомдон кошуп, ал акча импорттук товарларды сатып алууга эмес, жалаң өзүбүздүн товарларды сатып алууга сарптасак, ата-мекендик өндүрүш жанданат. А бул жаңы ишканалардын, жумушчу орундардын пайда болуусун шарттап, миграциянын азайышын, бюджеттик кирешелердин жогорулашына алып келет.
Айлыкты көбөйтүү үчүн акча каяктан алынат? Бул долбоорду баштоо үчүн бюджеттен 6 миллиард сом акча керек болот. Бул акча мамлекеттик РСК же Айыл банкта гана жүгүртүлүп пенсионерлер, бюджеттик кызматкерлер, студент, майып, муктаждарга бүгүнкү мамлекеттен алып жаткан акчасынан сырткары кошумча акчаны атайын банктык карталарына алышып, бул каражаттарды өзүбүз өндүргөн товарларды сатып алууга гана пайдаланат. Банктан сыртка акча чыкпагандыктан, 1 жыл ичинде бул акчаны 4-5 жолу айлантууга болот. Берилген акча ар бир айлануусунда 22,4 % мамлекеттин бюджетине кайрадан эле салыктар түрүндө келип түшөт. Ал эми 5 жолу акча айланганда ал киреше менен кайтып келет. Ушул жол менен пенсия, пособияны, айлыктарды көтөрөбүз.
Азыр бизде 810 сом жөлөк пул, 2 миң сом өлчөмдө пенсия алган жарандарыбыз бар. Бул эмнеге жетет? Констиуциянын 53-беренесинде Кыргызстанда пенсия, пособия жашоо минимумунан төмөн болбошун мамлекет кепилдейт деп жазылган. Биз ошол конституциялык укугуңуздарды ишке ашыруу үчүн жылына пенсияны 1200 сомго, пособия, стипендияны, 1000 сомго, бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин айлыктарын 3 000 сомго көтөрөбүз. Жалпы 1 миллион жараныбыздын кирешеси көбөйөт.
Ошондо даарыгерлер, мугалимдер, маданият, укук коргоо жана башка бюджеттик кызматкерлер татыктуу айлык алып, бирөөнүн колун карабай, ак ниет эмгектенет.
Экинчиден, импорттук товарлардын ордун толуктаган, экспортту өркүндөткөндөргө максаттуу түрдө үстөксүз, узак мөөнөттүү насыя берилет. Ал акча каяктан алынат? Учурда Улуттук банк 2 миллиард 200 миллиондон ашуун долларлык алтын-валюта запасыбызды чет өлкөлүк банктарда 0,1 % ченде, же башкача айтканда дээрлик бекер жайгаштырат.
Ошол эле учурда, биздин финансы секторубузда 90% банктарга, жана микрокредиттик компанияларга чет элдик инвесторлор ээлик кылат. Алар 16-18, кээде 30 пайызга чейин насыя берип жатат. Өз акчабызды сыртка дээрлик бекер коюп, сырттан келгендер калкыбыздын чөнтөгүн кактап, акчаны сыртка алып чыгып кетүүдө. Ошол сыртта сакталган акча биздин өндүрүүчүлөргө узак мөөнөткө, пайызсыз, же өтө төмөн пайыздык ченде насыяга берилет. Ошондо элдин байлыгы Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө жумшалат. Жаны ишканаларды ачуу менен эл иш менен камсыз болуп, киреше көбөйуп, жакырчылык жоюлат. Мигранттар өз үйлөрүнө кайтат.
Бүгүнкү күндө 560 мин үй-бүлө турак-жайга муктаж. Банкттар болсо ипотеканы 16% дан баштап, 30 % биринчи салым менен берип жатат. Биз үстөк эмес, 2 пайыз комиссия менен 30 жылга беребиз. Бул бир чети кыргызстандыктарга турак-жайлуу болуга жардам берсе, экинчи жагынан курулуш тармагынын өсүп-өнүгүүсүнө жол ачат.
Бул долбоорду ишке ашыруу менен “ар бир кыргызстандык Кыргызстандын гана өндүрүшүн колдойт” деген улуттук идеологияны ишке киргизебиз, 1 миллион адамдын айлык, пенсия, пособиясы көтөрүлүп, элдин жашоо деңгээли жакшырат, миграция азаят. Кыргызстандын экономикасы жанданып импорт азаят. Сом бекемделет. Ошентип экономиканы өстүрүү менен Кыргызстанды туруктуу өнүгүү жолуна салабыз. Мындай жол менен өнүгүүгө бизге эч ким тоскоолдук кыла албайт.
Материал "КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 18-пунктуна ылайык акысыз жарыяланды.
Пикир
Оставить комментарий