Талас облусунда 19 көмөк чордондо капиталдык оңдоо иштери аткарылууда

Аймак 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Талас облусунда 19 көмөк чордондо капиталдык оңдоо иштери аткарылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Талас электр тармактар ишканасы тарабынан облустун аймагындагы 25 даана көмөк чордондо 60 жабууларды техникалык тейлөө жана 19 көмөк чордондо 27 жабдууну капиталдык оңдоо иштерин өткөрүү пландалган.

Бүгүнкү күндө 18 көмөк чордондо 32 жабдууну техникалык тейлөө, 12 көмөк чордондо капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Ал эми күз-кыш мезгилине карата даярдык ноябрь айында аяктайт. Ноябрь айына чейин 19 көмөк чордондо 28 жабдууну техникалык тейлөөдөн өткөрүү жана 13 көмөк чордондо 15 жабдууну капиталдык ремонттон өткөрүү иштери пландалууда.

2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдануу боюнча төмөндөгүдөй иштер пландалган:

  • 500/220/10 кВ «Тулебердиева» көмөк чордонунда 3 жабууну техникалык тейлөөдөн өткөрүү;
  • 220/110/10 кВ «Семетей» көмөк чордонунда 6 жабдууну техникалык тейлөөдөн өткөрүү;
  • 110/35/10 кВ «Кировка», «Грозное», «Талас», «Чат-Базар», «Бала-Саруу», «Покровка», «Арал», «Манас», «Кең-Кол», «Победа» ,«Өзгөрүш», «Кара-Арча», «Ивано-Алексеевка көмөк чордондорунда жалпысынан 38 жабдууну техникалык тейлөө иштеринен өткөрүү пландалса, 15 жабдууну капиталдык оңдоо иштеринен өткөрүү;
  • 35/10 кВ «Бакайыр», «Бейшеке», «Ак-Дөбө», «Талас», «Манас», «Грозное», «Конезавод», «Жер-Үй», «Кызыл», «Кырк-Казык», «Беш-Таш», «Көк-Сай» көмөк чордондорунда 13 жабдууда техникалык тейлөө иштери аткарылса, 12 жабдууну капиталдык оңдоо иштеринен өткөрүү.

Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз

- колл-борбору : 105; 1209;
- Beeline: +996 772 001 209;
- MegaCom: +996 556 001 209;
- O! : +996 702 001 209.

Пикир

Оставить комментарий