Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Талас облусунда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 22-майда ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 3 800 чарчы метр имараттын ичи жана 11 200 погондук метр унаа жолдору дезинфекцияланып, ага жалпысынан 162 кг хлор сарпталган. Иш чарага 3 техника жана 17 кызматкер тартылган.
Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп топтоло турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар жана дарыканаларда жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий