• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Талас облусунда жолдорду асфальттоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 12.10.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Талас облусундагы жол куруу иштери тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, төмөнкү Жол тейлөө ишканалары тарабынан асфальт төшөө иштери жүрүп жатат:

  • №47 Жол тейлөө ишканасы: Капиталдык салымдар беренесинин эсебинен Ключевка-Май-Бакыян унаа жолундагы Р. Жанаев көчөсүнө 3 чакырым асфальт төшөлдү. План боюнча 6 чакырым каралган, 3 чакырым асфальт төшөөгө жол негизи даярдалып бүттү.
  • №19 Жол тейлөө ишканасы: Талас –Нылда –Покровка автожолунун 7 чакырымын асфальттоо каралган. Аталган жолго 3,2 чакырым асфальт төшөлүп бүттү. Ал эми калган 2 чакырымына асфальт басуу пландалып жатат жана жер негизин даярдоо иштери жүрүүдө.
  • №6 Жол тейлөө ишканасы: Аманбаев-2ф-Лущихин унаа жолуна 4 чакырым асфальт басууга жол негизи даярдалып жатат. Жакынкы күндөрү асфальт төшөлөт.

Пикир

Оставить комментарий