• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Талас облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. Талас облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-августта саат 9:28де Талас облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Талас районунун А.Огомбаев, Козучак айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий