Талас облусунун аймагында катуу шамал катталды

Кырсык 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Талас облусунун аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-июнда саат 16:30 чамасында болжол менен ылдамдыгы секундасына 17-20 метрге жеткен шамал катталып, Талас шаарындагы көп кабаттуу турак үйдүн темир туникесин учуруп кетип, токтоп турган “Ауди-80” үлгүсүндөгү унаанын үстүнө түшкөн. Жабыркагандар жок.

Жерине ӨКМден 4 куткаруучу тартылып, унаанын үстүнө түшкөн жана асылып калган туникелерди коопсуз жайга жылдырып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий