Талас облусунун жергиликтүү соттору жыл жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун катышуусунда Талас облусунун жергиликтүү сотторунун 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешме өттү.

Соттон билдиришкендей, кеңешмеде 2023-жылдын отчеттук мезгилинде Талас облусунун шаардык, райондук соттору тарабынан кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тартибинде жалпы 2726 соттук иштер жана материалдар каралгандыгы маалым болду. Бул көрсөткүч 2022-жылдагы статистикалык маалыматка салыштырмалуу 264 ишке, же 10,7%га көбүрөөк. 2022-жылы жалпы 2462 соттук иштер жана материалдар каралган.

Өткөн жылы апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан 65 кылмыш иш 84 адамга карата каралган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 17 ишке, же 35,4% көбөйгөн. (2022-жылы - 48 иш 60 адамга карата каралган).

Онлай кеңешмеде маалым болгондой, каралган жазык иши боюнча соттук материалдар боюнча 2023-жылы жалпы 51 соттук материалына карата апелляциялык сунуш жана даттануулар келтирилип (43 сотко чейинки өндүрүш боюнча, 8 жазык сот жүргүзүү тартибинде), 19 соттук материал боюнча сунуш жана даттануулар кайтарылгандыгы айтылды.

Отчеттук мезгилинде 32 соттук материал каралып, бул 2022-жылдын ошол эле отчеттук мезгилине карата 8 ишке, же 33,3%га көп каралган.

Ал эми каралган укук бузуулар жөнүндө материалдар боюнча өткөн жылдын отчеттук мезгилинде жалпы 34 укук бузуу жөнүндө иштерге карата апелляциялык даттануу келтирилген. Мындан тышкары 2 укук бузуу жөнүндө иш өткөн жылдан калдык болуп өткөн, ал эми 2022-жылы 3 укук бузуу жөнүндө ишке көбүрөөк каралган. (2022-жылы 39 ишке карата апелляциялык даттануу келтирилип, 6 иш кайтарылган, 31 иш апелляциялык тартипте каралып, 2 иш 2023-жылга калдык болуп өткөн).

Ал эми жарандык иштер боюнча 2023-жылы Талас облусунун шаардык жана райондук соттору тарабынан жалпы 2589 жарандык иши каралган, ал эми 2022-жылдын ошол эле мезгилине карата каралган иштин саны 2075 түзгөн же 514 (24,8%) ишке көбөйгөн. Ошол эле учурда апелляциялык инстанциядагы сотко 2023-жылы даттанылган иштин саны 131 ишти түзсө, 2022-жылдын ошол эле отчеттук мезгилде 101 иш даттанылган же 29,7%га көбүрөк болгон.

Административдик иштер боюнча отчеттук мезгилде Талас облусунун административдик сотунда 124 административдик иш жана 11 соттук материал каралган. Жалпы 135 иш. 2022-жылдын отчеттук мезгилинде Талас облусунун административдик сотунда 122 административдик иш жана 24 соттук материал каралган. Жалпы 146 иш. (11 ишке (8,1%) азайган.

Ошол эле учурда 2023-жылдын отчеттук мезгилинде апелляциялык даттануу менен 46 административдик иш түшкөн. 2022-жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 2023-жылдын отчеттук мезгилинде 21 ишке даттануу аз түшкөн (31,3% аз иш даттанылган). 2022-жылдын отчеттук мезгилинде апелляциялык даттануу менен 67 административдик иш түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий