• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Талас шаарына Манастын эстелиги орнотулат

Аймак 0

Бишкек, 02.03.23./Кабар/. Талас шаарынын борборуна Айкөл Манастын эстелиги орнотулат. Бул тууралуу Талас облусунун башчысы Бакытбек Нарбеков билдирди.

Манастын эстелигинин ачылышы 21-март - Нооруз майрамына белгиленген. Эстеликтин бийийтиги 12 метрди түзөт.

Талас шаардык мэриясынан белгилешкендей, учурда тийиштүү техникалар ишке тартылып, эстеликтин постаментин даярдоо иштери кызуу жүрүп жатат.

Манастын эстелигинин көчүрмөлөрү 2017-жылдын август айында Түркиянын Стамбул жана Анкара шаарларына тургузулган.

Эстеликтин авторлору КР Эл сүрөтчүсү, белгилүү скульптор Садабек Ажиев жана чебер скульптор Токталы Мурзакаримов.

"Баасы 8,7 млн сомду түзгөн эстелик жеке ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу тарабынан белек катары берилди. Ал эми эстеликти алып келүү жана постаментин даярдоо, орнотуу иштерине “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунан 1,1 млн сом каржыланды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий