• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талас шаарында “Тоо театрлары” фестивалы өтөт

Аймак 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Талас шаарында 15-19-май аралыгында кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык жана Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын түзүлгөнүнүн 15 жылдык мааракелерине арналган “Тоо театрлары” II фестивалы өтөт.

Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, фестиваль элеттик көрүүчүлөрдү аймактардагы театр искусствосу менен тааныштыруу, сахна майданында маданий алакасын түзүү, фестивалды салттуу иш-чарага айландырууга багыт алат.

Ошондой эле театр өнөр чеберлери менен көрүүчүлөрдүн руханий дөөлөтүн арттыруу, тоолуу аймактар арасындагы театрлар арасында өз ара чыгармачылык ишмердүүлүктү байланыштыруу, чыңдоо жана өркүндөтүү, театр ишмерлеринин тажрыйба алмашуусуна өбөлгө түзүү аркылуу театр сахнасынын жашоосундагы актёрдук-режиссёрдук, жалпы сүрөткердик чеберчиликти көрүүчүлөргө жеткирүү болуп саналат.

Фестивалга өлкөнүн элет жериндеги профессионал театрлары катышып, акыркы эки жылда сахналаштырылган, буга чейин фестивалдарга катыша элек спектаклдер калыстар тобуна сунушталат.

Фестивалга Казакстандн Жамбыл облустук А.Токпаев атындагы музыкалык драма театры конок катары чакырылат.

“II Тоо театрлары” фестивалында төмөнкү номинациялар тапшырылат:

- Мыкты режиссура;
- Мыкты сценография;
- Мыкты музыкалык жасалгалоо;
- Эркектердин образын мыкты жараткандыгы үчүн;
- Аялдын образын мыкты жараткандыгы үчүн;
- Эркектин экинчи пландагы образын мыкты жараткандыгы үчүн;
- Аялдын экинчи пландагы образын мыкты жараткандыгы үчүн;
- Эпизоддук ролду мыкты жараткандыгы үчүн;
- Эң жакшы дебют үчүн;
- Көрүүчүлөрдүн симпатиясы;
- Калыстар тобунун атайын сыйлыгы.

Пикир

Оставить комментарий