• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Талас шаарындагы негизги көчөлөрдүн бири жаңыланат – эскиздери

Аймак 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Талас шаарындагы негизги көчөлөрдүн бири жаңыланат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас шаарынын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү, калаа тургундарына жана конокторуна жагымдуу шарт түзүү максатында И.Сарыгулов көчөсүнүн Ч. Айтматов көчөсүнөн тарта Бердике Баатыр көчөсүнө чейинки аралыгын заманбап талаптарга келтирүү үчүн атайын эскиздик долбоор иштелип чыкты.

Аталган долбоор Мамкурулуш агенттигинин Талас регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан даярдалып, Талас шаарынын мэриясынын кароосуна сунушталды.

Буга кошумча Талас шаарына курулуучу жаңы аялдамалардын эскиздик долбоору даярдалып, мэрияа сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий