Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Таласка каттаган таксилер өз алдынча жол кире акысын көтөрүп алды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, социалдык тармактарда Бишкек-Талас багыты боюнча каттаган таксилер жол кире акысын 1500 сомго көтөрүп алышты деген маалымат чыккан.
Бул факты боюнча башкармалыктын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүп, анда эч кандай жол кире акысы көтөрүлбөгөндүгү аныкталды.
Ошондой эле жүргүнчүлөрдүн көптүгүнөн Бишкек-Каракол, Бишкек-Талас жана Бишкек-Нарын багыттарына кошумча автобустар каттамга киргизилгени айтылды.
Пикир
Оставить комментарий