Таласта адашып кеткен турист милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирди

Аймак 0


Бишкек, 17.06.24. /Кабар/. Швейцариялык турист Талас милициясына ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Талас облусунун ички иштер башкармалыгына “Беш-Таш” улуттук паркына эс алууга чыккан чет өлкөлүк турист дайынсыз болуп жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Бул окуя милиция тарабынан каттоого алынып, жерине Талас ОИИБдин жана Талас РИИБдин кызматкерлери чыгышкан.

Текшерүү учурунда чет өлкөлүк турист аман-эсен табылып, Талас шаарына алынып келинген. Ал 1964-жылы туулган Швейцария өлкөсүнүн жараны Андрейа Мария Хелена экендиги такталган. 60 жаштагы чет өлкөлүк турист айым “Беш-Таш” улуттук паркындагы “Жүрөк” көлүн көрүүгө өзү жалгыз чыгып, андан ары дагы жогорулап кеткендиги белгилүү болгон. Турист айым жүргөн жер тоолуу болгондуктан телефондо байланышууга мүмкүн болгон эмес.

Түнкү саат 23:30 чамасында Талас ОИИБге алынып келинген чет өлкөлүк турист айым милициянын иш-аракетине ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады. Ал өз сөзүндө тынчсызданып издегени үчүн Талас милициясына жана учурда жашап жаткан мейманкананын ээсине алкыш айткан.

Пикир

Оставить комментарий