Таласта Арал суусуна 2 жашар кыз чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Таласта Арал суусуна 2 жашар кыз чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-май күнү саат 22:45 чамасында Манас районунун Арал айылында 2 жашар Э.А. аттуу кичинекей кыз Арал суусуна түшүп кеткен.

2-май күнү саат 06:00 чамасында туугандары тарабынан кыздын сөөгү суудан табылгандыгын КР ӨКМне маалымдашкан.

Пикир

Оставить комментарий