• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Таласта чыккан арпанын кара көө илдети боюнча кооптонууга негиз жок – министр

Коом 0


Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Талас жана Ысык-Көл облустарында эгилген жаздык арпанын кара көө илдети боюнча кооптонууга негиз жок. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Россиядан алынып келген жогорку сорттогу арпанын "вакула" сорту себилген Манас районунда 91 га, Ысык-Көл районунда 80 га, Түп районунда 50 га, Ак-Суу районунда 35 га, Жети-Өгүз районунда 107 га аянттан аталган илдет табылган.

“Эгер жалпы аянтта 0,5%га чейин кара көө илдети болсо, эч кандай экономикалык оорчулуктарды алып келбейт. Министрликтин буйругу менен комиссия түзүлүп, жеринде текшерүү иштерин жүргүзүп келди. Олуттуу коркунучтарды алып келе турган фактылар жок. Бир гана нерсе илдет чыккан аянттардагы түшүм апробациядан өтпөйт. Алар толугу менен тоютга жөнөтүлөт. Ошону менен кара көө боюнча маселе жабылат”, - деди министр.

Белгилей кетсек, быйыл Россиядан 12 миң 343 тонна үрөн алып келүүгө келишим түзүлүп, анын ичинен 6 миң тоннага жакыны алынып келген.

Пикир

Оставить комментарий