• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Таласта экспортко багытталган мөмө-жемиштер үчүн 4,5 млн сомго тоңдургуч алынды

Коом 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнө төрт жарым миллион сомго мөмө-жемишти тоңдура турган жабдык жана 20 тонналык эки муздаткыч алып берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабдыктын жардамы менен айыл чарба продукциясын керектүү температурада тоңдуруп, андан ары муздаткычта сактап, аны коопсуз шартта экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк жаралат.

Аталган айыл өкмөтүндө кийинки убактарда мөмө жемиштин кулпунай жана малина азыктарын өстүрүүгө өзгөчө басым жасалууда. Тоңдургуч жабдыгы азыкты - 45 градуска чейин тоңдуруп, андан кийин - 25 градуска чейин муздата турган муздаткычка жайгаштырылат. Ошол эле учурда анын температурасын керектүү деңгээлде өзгөртүп турууга болот.

Белгиленгендей, жабдыктар Кытайдын ири технологиялык заводдорунан алып келинген жана ал аймактагы дыйкан фермерлердин экспортко багытталган продукциясын коопсуз сактоо үчүн сатып алынган.

Пикир

Оставить комментарий