• 87
  • 90.41
  • 0.84

Таласта “Эне тил жана Айтматов” үч айлыгы жыйынтыкталат

Коом 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 2-апрелиндеги №81 “Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык республиканын бардык аймактарында, мекемелерде жана башка жактарда Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине арналган иш-чаралар кызуу жүрүүдө.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан кабарлашкандай, алардын катарында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жарыялаган “Эне тил жана Айтматов” үч айлыгы 16-ноябрда Талас облусунда жыйынтыкталмакчы.

"Үч айлыкты салтанаттуу жыйынтыктоо аземинин Талас медициналык окуу жайы, Талас агрардык-экономикалык колледжи, ТалМУнун окутуучулар жамааты, жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдери жана облустук мекемелер биргеликте уюштурууда. Жыйынтыктоочу иш-чаранын алкагында Ч.Айтматовдун айкелинин алдында “Айтматовдук окуу” жана “Айтматовго таазим” иш-чаралары, Талас мамлекеттик университетинде Ч.Айтматовдун фото-сүрөт көргөзмөсү, “Эне тил жана Айтматов” аттуу илимий-практикалык конференция, А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде “Айтматов ааламы” сүрөт көргөзмөсү жана үч айлыкты жыйынтыктоо аземи болот", - деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, иш-чарага Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеевдин катышуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий