• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Таласта Көк-Сай – Кайнар унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Көк-Сай – Кайнар унаа жолунда асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл эки айылды байланыштырган жолдун 1,5 чакырымын оңдоо каралган.

Жол жумуштарына “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №6 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, азыркы тапта 900 метрден ашык аралык жасалды.

Бул тилкедеги жумуштар аяктагандан кийин Көк-Сай – Арчагул унаа жолуна асфальт төшөө иштери башталат.

Пикир

Оставить комментарий