• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Таласта минералдык сууну кайра иштетүүчү завод куруу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Талас облусундагы Беш Таш капчыгайында минералдык сууну кайра иштетүүчү «Беш-Таш-Кайыңды» заводун куруу пландалууда.

Айыл өкмөтү курулуш иштерине тендер жарыялап, заводдун сметалык наркы 9 млн 690 миң 186 сомдү түздү. Тендерге катышуу үчүн арыз берүү мөөнөтү 30-августта аяктайт.

Маалымдама: Беш-Таш коругу - Талас тоо кыркасында жайгашкан ири жаратылыш паркы. Ал Талас шаарынын түштүк тарабында жайгашып, өзүнө Беш-Таш, Колба, Күмүш-Таг жана Урмарал капчыгайларын камтыйт. Корук деңиз деңгээлинен 1100 метрден 3500 метрге чейинки жогору бийиктикте жайгашкан.

Коруктун курамында 8 тоо көлү бар, алардын эң чоңу Беш-Таш капчыгайында жайгашкан Беш-Таш көлү.

Пикир

Оставить комментарий