• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Таласта мыйзамсыз акча алмаштырган эки жаранга айып салынды

Экономика 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Таласта мыйзамсыз акча алмаштырган эки жаранга айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына ылайык, Талас обласундагы "Чоң-Капка" көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун жанында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгы тарабынан Кыргызстандын М.у.С. жана М.у.К. аттуу эки жаранынын ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Пикир

Оставить комментарий