Таласта жасалма ПЧР тест сатып жүргөндөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Манас райондук милициясы ПЧР тестин жасалма кылып сатып жүргөндөрдү кармашты. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Буура жана Манас райондорунун аймагында белгисиз адамдар автотранспорт айдоочуларына COVID-19дун ПЧР анализинин жасалма жыйынтыгын мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн сунуштап, 500дөн 1 500 сомго чейин сатып жүрүшкөндүгү жөнүндө Манас райондук ички иштер бөлүмүнө маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде “Чоң-Капка” көзөмөл өткөрүү пункттун жанында жайгашкан тез татым бышыруучу имаратында Э.А. аттуу жаран жасалма ПЧР анализдерин 1 500 сомго сатып жүргөндүгү аныкталган.

18-март күнү Э.А. иштетип жаткан тез татым имаратына тинтүү жүргүзүү учурунда жасалма ПЧР тесттер табылган. Андан тышкары, бул кылымыш ишине Манас районунун Май айылынын тургуну 2003-жылы туулган М.Д.нын катыштыгы бар экендиги аныкталып, М.Д. турак жайына тинтүү жүргүзүү учурунда “НР” үлгүсүндөгү ноутбук жана принтер табылган.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин ПЧР анализинин жыйынтыгынын үлгүлөрүн өзүнө таандык ноутбугуна интернет тармагынан жүктөп алып, аларды жарандардын атына жасалмалап даярдап, түстүү принтердин жардамы менен басып чыгарып, А.Э. аркылуу жарандарга сатып жүргөн.

Аталган факт Манас РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 359-беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Кармалган жарандар тергөөдө сурак беришүүдө. Бүгүнкү күндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий