• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Таласта перинаталдык борбордун курулушу башталды

Ден соолук 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Таласта перинаталдык борбордун курулушу башталды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бүгүн Талас облустук бириккен ооруканасынын базасында жаңы перинаталдык блоктун курулушунун башталышына карата капсула салуу аземи өттү.

Салтанатка министр Алымкадыр Бейшеналиев, Германия өнүктүрүү банкынын Борбордук Азиядагы аймактык директору Андреас Шнайдер, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев, оорукананын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Белгиленгендей, долбоор “Эне жана баланын ден соолугун коргоо” программасынын IX этабынын алкагында Германия өкмөтүнүн жана Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий