• 87
  • 90.41
  • 0.84

Таласта республикалык агроөнөр жай форуму өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Бүгүн "Талас-Агродиалог-2024" республикалык агроөнөр жай форуму өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан Айыл чарба министрлигинин Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары менен биргеликте уюштурулган.

Форумда дыйкандар, агрегаторлор айыл чарба тармагында иштеген алдыңкы ишкерлер менен жолугуп, баарлашууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга, өз бизнесин өнүктүрүүгө, өндүрүлгөн азык-түлүктөрдү чет өлкөлөргө экспорттоонун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Форумдун жүрүшүндө айыл чарба министринин орун басары С.Насирдинов чийки зат базасын анализдөө, анын кайда отургузулушу, айдалышына жана сатылышына байланыштуу өндүрүлгөн продукциянын сатуу, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү боюнча сөз кылды.

Форумдун алкагында агроөнөр жай комплексинин көргөзмөсү өтүп, анда облустун айыл чарбасындагы жетишкендиктер жана инновациялар көрсөтүлдү.

Мындай аянтчалар дыйкандардын, бизнестин жана мамлекеттик органдардын ортосундагы байланышты чыңдоо үчүн маанисин чоң. Соода-өнөр жай палатасы кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн продукциясын ички жана эл аралык рынокто жылдырууга, B2B жолугушууларын уюштурууга жана өнөктөштөрдү табууга көмөк көрсөтүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий