Таласта Үрмарал дарыясына жаңы көпүрө курулду

Аймак 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Талас облусундагы Үрмарал дарыясына жаңы көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгиленгендей, көпүрө эл аралык маанидеги Талас — Тараз — Суусамыр унаа жолунун 133-чакырымында курулду.

Анын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров (аралыктан), транспорт министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев, президенттин Талас облусундагы өкүлү Нурлан Дарданов, жергиликтүү жетекчилер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ошондой эле Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года жана Япон эл аралык кызматташтык агентттигинин (JICA) өлкөдөгү өкүлүнүнүн биринчи орун басары Нишияма Кентаро кадырлуу коноктордун катарын толуктады.

Узундугу 90,5 метр, туурасы 14,8 метрди түзгөн көпүрөнүн жана ага барчу жолдордун курулушу "Талас-Тараз унаа жолундагы Үрмарал дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо" долбоорунун алкагында ишке ашырылып, каражат JICA тарабынан грант түрүндө берилген.

Белгилей кетсек, жаңы курулган көпүрө Талас облусунун жашоочулары үчүн маанилүү транспорттук байланыштарды жакшыртып, аймактын инфратүзүмүн өнүктүрүү менен экономикалык өсүшкө чоң салым кошору күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий