• 86.2
  • 92.86
  • 0.9

Таласта салык төлөөчүлөргө окутуу семинары өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Талас облусунун салык төлөөчүлөрүнө салык жол-жоболорундагы жаңылыктар жөнүндө семинар-кеңешме өткөрдү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жалпы окутуу облустун 240 салык төлөөчүсүн камтыды.

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга Салык кодексинин негизги ченемдери жана жоболору түшүндүрүлүп, жаңы салык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык бекитилген министрлер кабинетинин токтомдору менен тааныштырылды.

Ошондой эле салыкчылар отчетторду жана эсептешүүлөрдү тапшырууда келип чыккан техникалык маселелер боюнча түшүндүрмө берип, салык төлөөчүлөрдүн суроолоруна жооп беришти.

Окутуучу тренингдер салык маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн салык кызматы тарабынан өлкөнүн ар кайсы аймактарында уюштурулат жана мындан ары да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий