Таласта өспүрүм кыз изделүүдө, анын телефону суунун жээгинен табылган

Кырсык 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. Таласта 14 жаштагы өспүрүм кыз изделүүдө, анын телефону суунун жээгинен табылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Манас районунда Бала-Саруу айылында токойдо 2008-жылы туулган М.М. аттуу кыз дайынсыз болуп жаткандыгы жана анын уюлдук телефону Талас суусунун жээгинде табылгандыгы тууралуу маалымат "112" кызматына түшкөн.

"Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 5 куткаруучу тартылып, издөө иши убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок. Издөө иштери 22-август күнү улантылат", - деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий