• 87
  • 90.41
  • 0.84

Таласта сууга чөккөн эки жаштагы баланы издөө иштери токтотулду

Аймак 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Таласта сууга чөккөн эки жаштагы баланы издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде 2 жаштагы бала Бакай-Ата районундагы Талас дарыясына түшүп кеткендиги кабарланган.

"Баланын атасы А. Өмүралиев ӨКМдин Талас облустук башкармалыгынын шаардык жана райондук кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүргүзүлгөнүн, Суучул куткаруучулар 10 күндүн ичинде 35 чакырым алыстыкта издешкенин айтты", - деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.

Ведомсводон кошумчалашкандай, бүгүн наристенин ата-энеси тил кат жазып, издөө иштерине эч кандай доосу жок экенин билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий