Таласта өтө турган Улуттук көчмөндөр оюндары боюнча мелдештер 16-сентябрда башталат

Спорт 0

Бишкек, 26.08.19. /Кабар/. Талас облусунда өтө турган Улуттук көчмөндөр оюндары 16-сентябрда башталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев билдирди.

Анын айтымында, оюндар улуттук көк-бөрү оюну менен башталат.

“Учурда өлкөнүн ар бир облусунан спорттун он түрү боюнча командаларды чогултуу иштери жүрүүдө”, - дейт ал.

Арпачиев билдиргендей, ат оюндары Талас шаарындагы ат майданында өтөт. Кыргыз күрөш, алыш боюнча мелдештер жабык имараттын ичинде, ал эми тогуз коргоол боюнча оюндар шаарга жакын жерде жайгашкан балдар интернатында өтөт.

Оюндарга жети облус жана эки шаардын спотчулары катышат.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев белгилегендей, спорттук оюндардан тышкары маданий иш-чаралар да өткөрүлүп, этнобазарлар болот.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын күз айында Ысык-Көл облусунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн. Анда оюндар Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында жана Кырчын жайлоосунда өткөрүлгөн. Спорттун 37 түрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, ага 74 өлкөнүн 2 миңден ашык спортчусу катышкан. Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтөт.

Ал эми улуттук көчмөндөр оюндары Кыргызстандын ар бир облусунда жыл сайын өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий