• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Таласта терроризм жана экстремизмди алдын алууга багытталган семинар өттү

Коом 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Талас облусунда терроризм жана экстремизмди алдын алууга багытталган семинар өттү. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-август күнү Талас облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграция каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында Талас облусунун күч түзүмдөрүнүн арасында туруктуу кызматташтык жана маалымат алмашуу жолун бекемдөө, аны өркүндөтүү, терроризм жана экстремизмге каршы аракеттенүүдөгү кызматташуунун негизги багыттарын аныктоо максатында “Талас облусунун аймагында экстремизм жана терроризмди алдын алуу” аталышындагы семинар болуп өттү.

Аталган иш-чарага КР президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн өкүлү, Талас облусунун ИИБнын жетекчилиги, Талас облусунун прокурору, КР президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, Кыргызстан мусулмандар Дин иштери башкармалыгынын өкүлү, ИИМдин ЭММКАКнын кызматкерлери, Талас облусу боюнча УКМКнын башкармалыгынын кызматкерлери, Талас шаарынын күзөт кызматынын жетекчилиги, Чек-ара аскер бөлүгүнүн кызматкерлери, Юстиция министрлигинин өкүлү, Талас облусунун муфтиятынын казысы катышты.

Жыйында Талас ОИИБнин начальниги, милициянын полковниги Марлис Асанов диний багыттарга өзгөчө көңүл буруу мезгилдин талабы экендигин жана аны укук коргоо органдары тыкыр көзөмөлгө алуу керектигин баса белгиледи.

Жолугушууда Кыргызстандын аймагында тыюу салынган диний уюмдар жана алардын көз караштары тууралуу слайд көрсөтүлүп, анда терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү багытында аткарылган иштердин мыйзамдуулугу көзөмөлдөнүп, терроризмдин, экстремизмдин детерминанттарынын (шарт, өбөлгө) жоюу, террордук чабуулдардан коргонуу боюнча тиешелүү жактарга сунуштарды, жазуу түрүндө эскертүүлөрдү жиберүү иштери аткарылышы зарыл экендиги айтылды.

Мындан тышкары, иш-чарада экстремисттик жана террористтик көз караштагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында мамлекеттик органдар тарабынан биргеликте тынымсыз иш-чаралар өткөрүлүп, жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экендиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий