• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Таласта "Урааным Манас" аталышындагы манасчылар фестивалы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. 10-октябрь күнү Кыргыз Улуттук Манас ордо комплексинде “Урааным Манас” аталышындагы манасчылар фестивалынын салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага президенттин өкүлү Эрмат Жумаев жана КР Баатыры Алиясбек Алымкулов катышты.

Белгиленгендей, фестиваль Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдык мааракесине арналган.

"Үч күн, үч түн боюу манасчылар улуттук эпос “Манасты” айтып, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 17 манасчы Талас жергесинде өнөрлөрүн көрсөтүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий