• 87
  • 91.29
  • 0.84

Таласта жергиликтүү кеңешке шайлоого карата саптык кароо өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.11.24. /Диана Айдарова - Кабар/. Күн мурун Талас облустук милициясынын имаратынын алдында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата саптык кароо өткөрүлдү.

Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ага облус башчысы Эрмат Жумаев, Талас облусунун прокурору Мирбек Расулов, Талас облустук милициясынын башчысы Азенбек Козукеев катышты.

Саптык кароодо облус башчысы милиция, прокуратура, ӨКМ, өрт өчүрүү, энергетика, медицина, байланыш кызматы, ички иштер органдарынын ардагерлери жана элдик кошуундардын шайлоого карата даярдыгын текшерип, шайлоого тартылган укук коргоо органдарынын, мекеме-ишканалардын техникаларын көрдү.

Эрмат Жумаев шайлоого чейин жана добуш берүү учурунда мыйзам бузууларды болтурбоо жумуштарын күчөтүү тапшырмасын коюп, мамлекеттик кызматкерлерге шайлоонун үгүт иштерине аралашпоону эскертти.

Иш-чаранын соңунда кызматкерлер жана шайлоого тартылган техникалар саптык жүрүштөн өтүштү.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депуттарын шайлоо өтөт. Шайлоо тилкелеринде милиция, ӨКМ, прокуратура, энергетика, байланыш, медицина кызматкерлери кызмат өтөйт.

Пикир

Оставить комментарий