• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Таласта жоголгон жарандын унаасы каналдан табылды

Аймак 0

Бишкек, 27.09.22. /Кабар/. Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Ак-Башат айылынын 60 жаштагы А.А. аттуу тургуну 24-сентябрда мал базарга кеткен бойдон дайынсыз болууда.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, күн мурун, 26-сентябрда аталган жарандын "Ауди-80" үлгүсүндөгү унаасы Көк-Дөбө айылынан өткөн Чоң-Талас каналынан табылган.

Куткаруучулар унааны суудан алып чыгышкан, бирок ичинде айдоочусу жок болуп чыккан. Ага байланыштуу ӨКМдин куткаруучулар издөө иштерин башташты.

Пикир

Оставить комментарий