• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Таластагы Манас айылынын 3 чакырым көчөсүнө асфальт төшөлөт

Аймак 0

Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. Талас облусунун Манас айылынын унаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда аталган жолдун 1 чакырымдан ашуунуна асфальт-бетон төшөлдү, план боюнча жалпысы 3 чакырымга төшөлөт.

Асфальт төшөө иштерин "Кыргызавтожол" МИнин Талас филиалынын №48 жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий