• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Таластагы ветеринардык лабораторияга 4 млн сомдук заманбап жабдуулар берилди

Аймак 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Талас облусуна болгон иш сапардын алкагында Талас зоналдык ветеринардык лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, аталган лабораторияда төрт бөлүм иштейт. Мал-жандыктардын ылыңына диагноз коюу жана тамак-аш коопсуздугун алдын алуу максатында патологоанатомиялык, бактериологиялык, серологиялык, паразитологиялык, биохимиялык жана токсикологиялык изилдөөлөр жүргүзүлөт.

Лабораторияда жалпы 14 адам иштейт. Анын ичинде жогорку билимдүү ветеринардык врач – 6, жогорку билимдүү биолог – 1 адис, ветеринардык лаборант – 4 адис, ветеринардык санитар - 2, кароолчу – 1.

Бүгүнкү күндө Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору тарабынан "Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" кошумча каржылоо долбоорунун алкагында лабораторияга баасы 4 млн сомдон ашуун ар түрдүү 27 жабдуу сатылып алынган.

Ошондой эле долбоор тарабынан эл аралык аккредитацияга даярдык көрүү жана кызматкерлердин Россия Федерациясында квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтүлгөн.

Азыркы учурда лабораториянын адистерине консультанттар тарабынан онлайн окуулар улантылып, аккредитациядан өтүүгө даярдыктар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий