Бишкек, 26.06.24. /Кабар/. Талас облусуна караштуу Тараз – Покровка – Кайыңды унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жеринде "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №48 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.
Быйыл аталган жолдун 3 чакырымын оңдоо каралып, бүгүнкү күндө бир чакырым аралыгына асфальт жаткырылды.
Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.
Пикир
Оставить комментарий